Жергиликтүү саламаттыкты сактоо системаларынын туруктуулугу күчөтүү

Speeches Shim

900дөн ашуун дарыгерлер, лаборатория кызматкерлери жана медайымдар COVID-19 менен күрөшүү боюнча окуудан өттү.
900дөн ашуун дарыгерлер, лаборатория кызматкерлери жана медайымдар COVID-19 менен күрөшүү боюнча окуудан өттү.
USAID/Kyrgyz Republic

USAIDдин Жергиликтүү саламаттыкты сактоо системаларынын туруктуулугу күчөтүү долбоору кирешеси аз жана орто болгон өлкөлөргө туруктуу, өзүн-өзү каржылаган саламаттык сактоо системасына өтүүгө жардам берет. Негизги максат - саламаттыкты сактоо кызматтарын жакшыртуу жана мүмкүн болушунча кенен таратуу. Бул беш жылдык долбоор кам көрүү жана дарылоо сыяктуу медициналык жардамга болгон каржылык тоскоолдуктарды азайтууга багытталган.

Долбоордун алкагында, USAID Кыргыз Республикасынын COVID-19 менен күрөшүүгө байланыштуу эң зарыл муктаждыктарына жардам берет.

Долбоордун мөөнөтү: апрель 2020-ж. – май 2021- ж.

Бюджет: 2,9 млн. АКШ доллары (Кыргыз Республикасы)

Долбоорду ишке ашырган уюм: Abt Associates

Негизги өнөктөштөр: Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги, КГМИПиПК, үй-бүлөлүк медицина борборлору, ооруканалар, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти

Камтылган аймактар: Бишкек шаары, Чүй областы, Ош шаары, Ош областы

ИШ-АРАКЕТТЕРДИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Кыргыз Республикасында долбоор баштапкы медицина-санитардык жардам көрсөтүү мекемелери, негизинен үй-бүлөлүк медицина борборлору менен кызматташат. Аларга бейтаптарды дарылоо, инфекциялык көзөмөлдөө жана кызматкерлерди COVID-19 инфекциясынан сактоо боюнч колдоо көрсөтөт. Ошондой эле, долбоордун алкагында инфекцияларды алдын алуу, эпидемиологиялык көзөмөл, лабораторияларды бекемдөө, элди маалымдоо жана зарыл болгон материалдарды сатып алуу боюнча иш жүргүзүлөт.

НЕГИЗГИ НАТЫЙЖАЛАР

  • 900дөн ашуун дарыгерлер, лаборатория кызматкерлери жана медайымдар COVID-19 менен күрөшүү боюнча окуудан өттү. Бул окуулар дартты эрте аныктоо, дарылоо, инфекциялык көзөмөл жүргүзүү жана башка чараларды камтыды.
     
  • Долбоордун жардамы менен саламаттыкты сактоо мекемелери жана лабораториялар жумуш иретин жана протоколдорун өркүндөтүштү. Алар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөтмөлөрүнө ылайык келтирилген. Бул пандемия менен күрөштү күчөтүүгө жана медкызматкелредин иштөө чөйрөсү коопсуз кылууга жардам берди. COVID-19дун үлгүлөрүн чогултуу, сактоо жана ташуунун дагы коопсуз болуп калды.
     
  • Медкызматкерлердин жетишсиздик маселесин жоюу максатында, долбоор «универсалдык медайым» моделин «кызыл зоналарга» киргизүүгө жардам берди. Универсалдык медайым бейтаптардын абалын аныктоо, өзгөрүүлөрдү каттоо, көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды дарыгерге же адиске жиберүү боюнча толук даярдыктан өттү. Мындай окуудан өткөн универсалдык медайым бейтаптар менен жакшыраак иштеп, керек болгон учурда ооруканага чейинки тез жардам көрсөтө алат.
     
  • Мамлекеттик лабораториялардын электрондук маалымат башкаруу системасы өркүндөтүлдү жана башка системалар менен байланыштырылды. Бул система Саламаттыкты сактоо министрлигине 490 миңден ашуун COVID-19 тест жана ага байланыштуу маалыматы сактоого жардам берет.
     
  • Долбоор зарыл болгон лабораториялык изилдөөлөр үчүн материалдарды сатып алууга жардам берди. Алты ири көлөмдөгү кычкылтек концентраторлор Бишкекте, Чүй жана Ош областтарынын беш ооруканасында орнотулду. Ооруканалардын реанимация бөлүмдөрүн тазаланган кычкылтек менен камсыз кылган бул жабдуу, оор абалдагы COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн өтө зарыл.

Last updated: May 05, 2021

Share This Page