Демилгелүү жаштар

Speeches Shim

312 кыз-жигит тигүүчүлүк, ресторанда меймандостук, компьютерде иштөө жана башка кесиптик чеберчилик боюнча кесиптик курстардан өтүштү.
312 кыз-жигит тигүүчүлүк, ресторанда меймандостук, компьютерде иштөө жана башка кесиптик чеберчилик боюнча кесиптик курстардан өтүштү.
USAID/Kyrgyz Republic

"Демилгелүү жаштар" долбоору жаштардын коомдук, социалдык жана экономикалык турмушка жигердүү жана позитивдүү катышуусун аркалайт.

Мөөнөтү: октябрь 2017 – сентябрь 2022.

Бюджети: 3,3 млн АКШ доллары

Долбоорду ишке ашыргандар: Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүүнү колдоо программасы (MSDSP KG), Борбор Азия Университети (UCA), Борбор Азиядагы эларалык дебаттык билим берүү ассоциациясы (IDEA CA), Социалдык ишкерлер ассоциациясы (ASE), Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду (AKF).

Долбоор камтыган аймак: Сузак району, Жалалабад областы, Кочкор району, Нарын областы, Нарын шаары, Нарын областы

USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын экономикалык ишмердүүлүгүн жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.

ИШТИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

14төн 28 жашка чейинки жаштар Кыргызстан калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзүп, өлкөнү өнүктүрүүдөгү ири адамдык ресурс болуп саналат. Бирок бул жаштардын болжолдуу түрдө жарымы гана жогорку окуу жайын аяктаган. Ар бир сегизинчи адам, анын ичинде кыз-келиндер кызмат таба албай келишет. “Демилгелүү жаштар” долбоору жаштарга өздөрүнүн чөйрөсүндө активдүү болушун жана эмгек рыногуна жакшы даярдык көрүүсүн камсыздоого багытталган. Долбоор:

  1. Жаштардын лидерлик, ишкердик, адистик сапаттарын өрчүтүүнү үйрөтөт.
  2. Жаштар менен максаттуу тармактарда иш алып барып, көйгөйлөрдү чечүүгө, алардын чөйрөсүн жергиликтүү башкаруу органдары менен болгон карым катнашын жакшыртууга багытталган демилгелерди иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт.
  3. Изилдөөгө негизделген жаштардын көйгөйлөрүн эске алуу менен, саясатты иштеп чыгууга жардам берет.

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • Максаттуу райондордогу 300 жаш жигит-кыздар чогулуп, жаштардан жумушчу топторун түзүштү. Долбоордун алкагында, бул топтор Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймагындагы, Ош облусунун Араван районундагы, Нарын облусунун Нарын районундагы өз жамааттарынын муктаждыктарын аныктоо жана жолдорун табуу жана аларды чечүүну талкуулашты. Бул топтор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаштардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган жергиликтүү саясатты иштеп чыгууда.
     
  • Жаштардын иш тобу өз жамаатынын жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында 24 ар түрдүү демилге даярдап, аларды ишке ашырды. Мисалы, 15 адамдан турган топ Барпы айылынын жогорку класстарынын окуучуларына жогорку окуу жайына өтүү үчүн керектүү болгон Улуттук кабыл алууга даярданууга жардам беришти. Ал эми Нарында түзөлгөн топ жаштарга сергек жашоону үгүттөп, чылым чегүүнүн зыяндуулугу жөнүндө маалымат беришти. Пандемия мезгилинде алар ооруканаларды дезинфекциялоого жардам берип, дарыгерлерди ысык тамак менен камсыздашты.
     
  •  Максаттуу айылдык аймактарданн келген 39 мектепте 93 IT мугалими "ICDL" компьютердик көндүмдөрдү үйрөтүү курсун аякташты. Нарын облусундагы 2 мектепте ICDL тест борборлору уюштурулуп, студенттерге экзамен тапшырууга жана ICDL расмий сертификаттарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. ICDL (же ECDL) эл аралык деңгээлде таанылган маалыматтык-коммуникациялык технология жана санариптик сабаттуулук квалификациясы.
     
  • 312 кыз-жигит тигүүчүлүк, ресторанда меймандостук, компьютерде иштөө жана башка кесиптик чеберчилик боюнча кесиптик курстардан өтүштү. Бул курстар эмгек рыногундагы жаштарга болгон суроо-талап боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында эң көп изденген деп табылды.
     
  • 200дөн ашуун жаш ишкерлер социалдык ишкердик программаларын ийгиликтүү аякташты. Курстун жүрүшүндө алардын ичинен 14 адам өз ишин баштоого грант алышты. 36 жаштар уюмдары лидерликти, каржылык менеджментти жана маркетингдин негиздерин жакшыртууга жардам берген тездетүү программасын ийгиликтүү аякташты. 25 жаш лидерлерге өз жамааттарын өнүктүрүүгө жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сертификаттар жана белектер тапшырылды.
     
  • Ош шаарында USAID Accelerate Prosperity (AP) менен өнөктөштүктө чакан жана орто ишкерлер үчүн бизнести тездетүү программасы (ЧОИ) башташат. Бул программанын алкагында бухгалтердик эсеп, каржы, менеджмент жаатындагы адистер 16 ишкерге бизнестерин өркүндөтүүгө жардам беришти.
     
  • Долбоор тарабынан уюштурулган жаштар форумдарына 400дөн ашуун жаш активисттер катышты. Жаштар бизнес, маркетинг, саясат, жарандык катышуу жана башка актуалдуу темалардагы акыркы жетишкендиктерди талкуулоо үчүн чогулушту. Бул форумдар жаштарды лидер болууга, ишкер болууга шыктандырат же өз коомчулугуна жардам берет жана башка пикирлеш жаштар менен байланышат. Форумдар Бишкек шаарында (2018) жана Жалал-Абадда (2019) өттү. 2021-жылы форум онлайн режиминде өткөрүлгөн.

Last updated: September 23, 2021

Share This Page