Медиалардын көзкарандысыздыгын колдоо боюнча демилге (Медиа-К)

Speeches Shim

МедиаТоптоо-2018 конференциясына атактуу эл аралык адистер чогулду
МедиаТоптоо-2018 конференциясына атактуу эл аралык адистер чогулду
Internews Kyrgyzstan

“Медиа-К” –  бул Кыргыз Республикасында ЖМКлардын кесипкөйлүгүн жана көзкарандысыздыгын чыңдоо боюнча беш жылдык долбоор. Долбоор жарандардын ар түрдүү жана тең салмакталган маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет.

Долбоордун узактыгы: 1-октябрь 2017-жыл – 30-сентябрь 2022-жыл

Бюджет: $10,650,000 АКШ доллары

Долбоорду ишке ашыруучулар: FHI360 жана Кыргыз Республикасындагы  Интерньюс Нетуорк Өкүлчүлүгү

Негизги өнөктөштөр: Медиа Полиси Институту, НТС, TV1KG, Клооп Медиа, Кактус Медиа, Политклиника, Салам Радио, 24.kg, Говори ТВ, Марал ТВ, Элгезит, Любимый ТВ

Географиялык камтуу: бүткүл республика боюнча

 

НЕГИЗГИ БАГЫТТАР 

Акыркы жылдары жетишилген ийгиликтерге карабастан, Кыргызстандагы ЖМКлар өз аудиториясын жана кирешесин көбөйтүү үчүн өз ишинде рынок механизмдерин колдонууда кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Өлкөдөгү саясий туруксуздуктан жана пандемиядан улам келип чыккан каатчылык кырдаалды ого бетер оорлотту. О.э. медиачөйрөдөгү мыйзамдарды жакшыртуу үчүн башка кызыкдар түзүмдөр менен кызматташууда көйгөйлөр болуп келүүдө.

“Медиа-К” долбоору төмөндөгү иш-чараларды ишке ашыруу менен ЖМКлардын кесипкөйлүгүн жана көзкарандысыздыгын чыңдоого көмөктөшөт:

  • Татаал кырдаалда көзкарандысыз маалымат каражаттарынын каржылык туруктуулугун жогорулатууга көмөктөшөт;
  • COVID-19 пандемиясы, шайлоо, медиасабаттуулук жана журналисттердин коопсуздугу боюнча маалыматтык кампанияларды камтыган жергиликтүү аудиторияны кызыктырган жогорку сапаттагы контентти даярдоону каржылайт;
  • Журналисттерди жана медиатармактын кызматкерлерин окутат;
  • Медиакоомчулукту Жылдык форумга чогултат;
  • Телеаудиторияны аныктоонун эл аралык тутумун  киргизүүгө көмөктөшөт;
  • Жергиликтүү маалыматтык экосистеманын бүтүндүгүн коргоого көмөктөшөт;
  • Медиачөйрөдөгү реформалоого жана укуктук сабаттуулукка жардам берет;
  • Жалган маалыматтардын таасирин азайтуу үчүн социалдык тармактарда фейк-аккаунттарды текшерүү жана иликтөө аракеттерин колдойт жана жарандарга, өзгөчө шайлоо процесстерине байланыштуу аң-сезимдүү чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт.

НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР 

  • 15 жеке менчик теле- жана радиоканалдарга, ошондой эле онлайн басылмаларга үч жыл ичиндеги ар тараптуу колдоо сапаттуу контентти түзүүгө, аудиторияны тартууда жана мекемелердин менеджментин жакшыртууда дареметин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берди. Долбоор алкагындагы окутуулардын, насаатчылык жана каржылык көмөктүн жардамы менен өнөктөштөр орто эсеп менен жергиликтүү контентти 13%га көбүрөөк беришти, өз аудиториясын 60%га көбөйтүштү, ал эми жарнамадан түшкөн киреше колдоо мезгилинде 6,22%га көбөйдү.
     
  • 2020-жылдагы «Медиа-K» тарабынан шашылыш каржылоо 13 жеке менчик ЖМКга COVID-19дан жана жарнама рыногунун кыйрашынан улам кирешенин төмөндөшүнөн келип чыккан каатчылыктын таасирин азайтууга жардам берди. Колдоого алынган ЖМКлар мурдагы жана жаңы программаларды иштеп чыгууну улантуу менен пандемия, шайлоо ж.б.у.с маанилүү маселелерди эне тилинде берүүнү кеңейте алышты.
     
  • Долбоордун алгачкы үч жылында ЖМКлар, көзкарандысыз студиялар жана башка контент жаратуучулар долбоордун колдоосу менен 1576 контент, анын ичинде 122 сааттык видео даярдап, жарыялашкан. 35 ЖМК жогорку сапаттагы, жергиликтүү жана актуалдуу контентке болгон талапты көрсөтүү менен бул материалдарды кайрадан эфирден беришкен же кайра жарыялашкан.
     
  • Долбоордун колдоосу менен фактыларды текшерүүчү топ COVID-19 пандемиясына байланыштуу маалыматтарды текшерген жана ушак-айыңдарды четке каккан 100гө жакын материалдарды жарыялашкан. Бул аракеттер кесиптеш журналисттердин түйшүгүн жеңилдетүүгө, аудиториянын текшерилген жана ишенимдүү маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана бийлик тарабынан жооп кылуусуна жардам берди. Өз кезегинде, аудитория да күмөн жараткан маалыматтын кошумча текшерилишин сурай баштады, бул болсо, ишенимдин жогорулагандыгын билдирет.
     
  • «Медиа-К» долбоору ишке ашырган #ДобуштунКүчү маалымат өнөктүгү 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодо добуш берүү чечимин кабыл алууда жаштардын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Видеолор бир нече онлайн-платформаларда жалпысынан 700 миң жолу көрүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2020-жылдагы шайлоодо добуш бергендердин 50 пайызы 30 жашка чейинкилер болгон, 2017-жылдагы шайлоодогу 41 пайыздан  өсүштү камсыз кылды.
     
  • Долбоордун алгачкы эки жылында өлкөдө дата-журналисттер коомчулугун түзүү ийгилигине таянып, «Медиа-К» Клооп Медиа, Кактус Медиа жана 24.kg сайтына 2020-жылы 16 дата-материалдарды даярдаган туруктуу дата-бөлүмдөрүн ачууга жардам берди. Бул дата-бөлүмдөрү Кыргызстандагы COVID-19 пандемиясы жөнүндө бардык маалыматтарды автоматтык түрдө жаңыланган маалымат базасын иштеп чыгуу үчүн өз аракеттерин бириктирип, эркин пайдалануудагы ушундай биринчи жана жалгыз мамлекеттик эмес ресурсту түзүштү.
     
  • Долбоордун алкагындагы окутуу иш-чараларына 2 359 адам катышты. Долбоор COVID-19 чектөөлөрүнө ылайыкташуу менен 2020-жылы 26 тренингди жана өзүнүн Үчүнчү жылдык «Медиа Топтоо» индустриялык форумун онлайн форматта өткөрдү.  «Медиа Топтоо» - бул медиаиндустриянын көйгөйлөрүн талкуулаган өлкөдөгү жападан жалгыз форум, анда ЖМК өкүлдөрү менен эксперттердин ортосунда тыгыз байланыштар жана тажрыйба алмашуулар түзүлдү. Zoom конференцияга 234 катышуучу чогулуп, сеанстар Facebookта трансляцияланып, алгачкы жолу кеңири публикага жеткиликтүү болду. «Умтулуу» сыйлыгы өлкөнүн маалымат айдыңын өнүктүрүүгө салым кошууга көмөктөшүп, журналистикадагы кесипкөйлүктүн чен-өлчөмү, мындан ары да мыкты контент жаратууга шыктандырган фактор болуп калды.
     
  • «Медиа-К» жана ага өнөктөш уюм Медиа Полиси Институту өлкөдөгү медиа-чөйрөгө терс таасир тийгизүү ыктымалдыгы болгон ар кандай өкмөттүк жана парламенттик мыйзам чыгаруу демилгелерине  жооп кылууга жигердүү катышууда, маселен: 2020-жылдын жазында өзгөчө кырдаал учурунда жана 2020-жылдын октябрындагы саясий кризис учурунда. Мындан тышкары, юридикалык кеп-кеңештер жана арачылык көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын медиа-оюнчуларына каршы бир нече чуулгандуу сот иштери боюнча маселени чечүүгө көмөк көрсөтүлдү.

Last updated: August 12, 2021

Share This Page