Тил

2019 - 2024 | FHI 360

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

«Жигердүү жарандар» долбоору Кыргызстандын жарандарынын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын (КР) Өкмөтү менен жарандык коом уюмдарынын биргелешип иштөөсүнө колдоо көрсөтөт. Жергиликтүү коомчулуктар башында турган жарандык катышуу демилгелерин жана ошондой эле өлкө денгээлинде иш-аракеттерди колдоо аркылуу, долбоор мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуунун жана ошондой эле жарандар үчүн адилеттиктен пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө иштейт.

НЕГИЗГИ МАКСАТТАР 

  • Кыргызстандагы үй-бүлөлөр коопсуз жана бакубат чөйрөдө жашап өнүгүүсү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана жигердүү жарандар топторун колдоо аркылуу коомчулуктарды өнүктүрүү жана катуу тиричилик таштандыларды майнаптуу башкаруу боюнча иштелмелерди кеңири жайылтуу;
  • Үй-бүлөдөлук зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин жарандарды тартууга  таянган иш-аракеттерин жана кризистик борборлор менен КР Өкмөтү ортосундагы кызматташууну колдоо аркылуу гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту азайтуу
  • Мыйзам чыгаруудагы реформаларга жана коомчулуктун кабардарлыгын жогорулатууга басым жасоо менен жарандык коом тармактары менен КР Өкмөтүнүн ортосундагы маанилүү маселелер боюнча өз ара иштешүүнү колдоо аркылуу жарандык катышууну күчөтүү;
  • Юридикалык жардам көрсөткөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү институттардын бекемдөө, адилеттикке жетүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу үчүн керектүү мыйзам өзгөртүүлөрдү илгерилетүүгө өзгөчө көнүл буруу менен калктын эң катмарынын адилеттүүлүккө жетүүсүн жакшыртуу.


«Жигердүү жарандар» долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасын, Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияны, 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын Концепциясын (үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине басым жасоо менен) ишке ашырууда колдоо көрсөтөт.

ДОЛБООРДУН ТАНДАМАЛ НАТЫЙЖАЛАРЫ 

Коомчулуктарды өнүктүрүү/күнүмдүк катуу таштандылар жаатындагы жагдайды жакшыртуу боюнча иштелмелерди колдоо

  • «Жигердүү жарандар» долбоору жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган 15 демилгени колдоп, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарынын 20 айыл-шаарында 61500дөн ашуун жарандын турмушун жакшыртты.
  • Бул демилгелердин арасында – жергиликтүү эс алуу парк, мектеп дааратканаларын оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, коопсуз тротуарларды жана инклюзивдик балдар аянтчаларын куруу.
  • Демилгелер активдүү жарандар тарабынан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана жеке сектор менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылган.

Өнөктөштөр: КР Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча агенттиги, КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу.

Күнүмдүк катуу таштандылар жаатындагы жагдайды жакшыртуу боюнча иш-аракеттерди колдоо

  •  «Интербилим – Ош» коомдук бирикмеси өлкөнүн жети областындагы жарандык коомдун жергиликтүү уюмдары менен биргеликте жарандарды таштандыны азыраак жаратып, коомчулуктарды тазалыкты сактоого үндөгөн 20 өнөктөш айыл-шаарларда маалыматтык кампанияларды өткөрүп келет.
  • «Жигердүү жарандар» 20 өнөктөш айыл-шаарларда таштандыны тескөө боюнча жаңы эрежелерин жайылтууда жарандарды жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын колдойт.
  • Долбоор «Шаар жана айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун эрежелери» жана «Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү тартибин» иштеп чыгууну колдогон. Алар кийин Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча агенттиги тарабынан бекитилип, андан соң өнөктөш муниципалитеттер менен жергиликтүү деңгээлге ылайыкталып кабыл алынган.

Өнөктөштөр: «Интербилим – Ош» жана өлкөнүн 7 облусундагы жарандык коомдун 7 уюму; КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча агенттиги.

Гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту азайтуу

  • 2020-жылдан тарта гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун запкысын тарткан 4411 адам «Жигердүү жарандар» долбоору колдоп жаткан 11 кризистик борбор жана жарандык коом уюмдарынан укуктук жана психологиялык жардам алышты.
  • Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жаатында аймактарда иш алпарган жергиликтүү 210 комитеттин мүчөлөрү жамааттардагы гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол бербөө жана ушул боюнча жердештердин маалымдуулугун жогорулатуу, кайрылган жарандарга кантип көмөк көрсөтүү, укук коргоо жана социалдык коргоо органдарынан жардам алуу боюнча окуудан өтүштү. Ошондой эле, ал окуулардын катышуучулары зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттеринин ишмердигин тескөө жана туруктуу каржылоону камсыздоо жаатында билимин да жогорулатышты.
  • Коргоо ордерлерин, алимент алуу, ажырашуу жана мүлк бөлүштүрүү өңдүү маселелер боюнча 32 укуктук иш «Жигердүү жарандар» долбоор алкагында көрсөтүлгөн акысыз юридикалык жардамдан улам кайрылган жарандардын пайдасына менен чечилди.
  • Социалдык тармактардагы кампаниялар, маалымат каражаттарындагы макалалар, театр спектаклдары, коомдук дарс жана талкуулардын аркасында гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланышкан көйгөйлөр жөнүндө 2 000 000дон ашуун кишинин маалымдуулугу артты.

Өнөктөштөр: Кризистик борборлордун ассоциациясы жана 10 кризистик борбор; «Абийир Эл», «Демилгелүү ишкер аялдар» (ДИА) коомдук бирикмелери; Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, ошондой эле Юстиция министрликтери. 

Адилеттүүлүккө жетүүнү жакшыртып жолго коюу

  •  2020-жылдан бери 13 000ден ашуун жаран долбоордун колдоосундагы юристтерден, ошондой эле Акыйкатчы Институтунун «115» шыр байланышы, КР Юстиция министрлигинин алдындагы Юридикалык жардам кызматынын мобилдик иш-чараларынын алкагында акысыз юридикалык кеңеш алышты. 
  • 613 жаран долбоордун юристтеринин көмөгү менен жарандык же өздүгүн аныктаган документтерди, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка жарандык документтерди алды.
  • Долбоордун юристтеринин жардамы менен 543 жаран гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, пенсиянын берилиши, ажырашуу, мүлк жана жер талаштары сымал маселелерге байланышкан юридикалык көйгөйлөрүн чече алды.
  • Кыргызстандын жарандары, анын ичинде мигранттар мындан ары өлкөнүн мыйзамдарына киргизилген маанилүү толуктоолордон улам жарандыгы жок жагдайда мурдагыдан кыйла дурус корголот. Бул өзгөртүүлөр «Жигердүү жарандар» долбоору колдогон жарандык коомдордун иш аракеттеринин натыйжасында кабыл алынды.
  • Долбоор уюштурган бардык кызыкдар тараптардын катышуусундагы талкуулардын натыйжасында 2022-жылы акысыз юридикалык жардам алууну жакшыртууга багытталган «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынды.
  • Долбоор юридикалык кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында юристтердин жана жарандардын пайдалануусу үчүн ар кандай арыздын 300дөн ашуун форма жана шаблондорун иштеп чыгууга колдоо көрсөттү.

Өнөктөштөр: «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» жана «Жарандык союз» коомдук бирикмелери;  КР Юстиция министрлиги; КР Юстиция министрлигинин караштуу Юридикалык жардам кызматы; Акыйкатчы Институту.

_______________

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: октябрь 2019-ж. - сентябрь 2024 ж.

Ишке ашыруучу уюм: FHI 360

Негизги өнөктоштөр: КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; КР Юстиция министрлиг; КР Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча агенттиги; КР Юстиция министрлигинин караштуу Юридикалык жардам кызматы; КР Акыйкатчы Институту; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; жарандык коом уюмдары.

Байланыш адамы: Наталья Пипия, npipia@fhi360.org

Image
The Active Communities Project is designed to improve people’s lives in Kyrgyzstan by helping communities, local governments, NGOs, and the private sector to solve problems of local concern.
Erkin Boljurov
Share This Page