Өлкөнүн жалпы мүнөздөмөсү - Кыргыз Республикасы

Speeches Shim

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ӨЛКӨНҮН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Кыргыз Республикасы – постсоветтик Борбор Азияда жалгыз эркин шайланган парламенттик демократия. Ошондуктан, узак мөөнөттүк стабилдүүлүктү жана өнүгүүнү колдоо максатында, Кошмо Штаттары өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерин колдоп чыңдоого олуттуу көңүл буруп, экономиканын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жана аймактагы мамилелердин өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт.


АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жарандык демилгенин илгерилетүү, мамлекеттин элге кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана уюмдар менен шериктеш болуу аркылуу демократиялык башкаруу боюнча жетишкендиктерди илегерилетүүгө Кыргыз Республикасы менен кызматташат. Кыргыз Республикасында USAID аймактагы стабилдүүлүк менен өнүгүүнү бекемдөө максатында Борбор жана Түштүк Азиянын, анын ичинде Афганистандын, байланышын күчөтүүгө багытталган АКШ өкмөтүнүн “Жаңы Жибек Жолу” аттуу демилгесин алга жылдыруу үчүн Борбор Азиядагы USAIDдин аймактык миссиясы менен кызматташат.

Issuing Country 
Date 
05-10-2016 05:00

Last updated: September 06, 2019