Тил

Шашылыш жарыялоого

05-11-2021

Пресс-релиздер

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасын COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө колдоо жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн кошумча 2,8 миллион доллар бөлөөрүн жарыялады. Жаңы каржылоо эмдөө аракеттерин колдоого, медициналык кызматкерлерди окутууга жана саламаттыкты сактоонун маалымат тутумдарын жакшыртууга жардам берет.

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналар - COVID-19га каршы эң мыкты курал. Өмүрдү сактап калуу, экономиканы калыбына келтирүү жана вирустун жаңы варианттарынын пайда болуу коркунучун токтотуу үчүн биз мүмкүн болушунча көп адамдарды тезирээк эмдөөгө тийишпиз», - деди USAIDдин өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс.

COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы - USAIDдин бул жааттагы көрсөткөн колдоосунун негизги компоненти. Ал үчүн USAID Республикалык иммунопрофилактика борбору, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жана ЮНИСЕФ менен биргеликте өлкө боюнча вакциналарды жайылтуу жана эмдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барат.

Бат университетинин вакциналар боюнча кыргызстандык эксперти Асел Сартбаева коронавируска каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп: “Бүгүнкү күндө вакциналар миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калат, аны дарылоого караганда инфекцияны алдын алуу алда канча жеңил жана арзан. Азыркы вакциналар өндүрүлүп жатканда натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча катуу сыноодоон өтөт. Клиникалык сыноолордун бардык маалыматтары ачык жеткиликтүү, ошондуктан ар бир адам аны көрүп, түшүнө алат. Мен Кыргызстанда жашагандардын баарын эмдөөгө чакырат элем. Бул сизди, үй-бүлөңүздү, туугандарыңызды жана айрыкча элдин аярлуу катмарын коргойт”, - деди.

Бул жаңы каржылоонун алкагында вакциналарды ташуу, сактоо жана башкаруу, ошондой эле эмдөөдөн кийин медициналык таштандыларды туура жок кылуу, вакцина боюнча кеңеш берүү сыяктуу иш-чаралар колдоого алынат. Булардын баары эмдөө кампаниясынын ийгиликтүү болушуна өтө маанилүү. Андан тышкары, дарыгерлер эмдөөдөн кийинки сейрек кездешүүчү кыйынчылыктарды аныктоо жана дарылоо боюнча атайын окуудан өтөт.

USAID каржылоону Abt Associates жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) аркылуу камсыздайт.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасына 8 млн АКШ долларынан ашык каражат бөлүп берди. Бул каражат жеке коргонуу шаймандарын сатып алуу, лабораторияларды жаңыртуу, саламаттыкты сактоо маалымат системасын жакшыртуу, медициналык адистерди окутуу, жана кыргызстандыктарды COVID-19 тууралуу маалымат берүүгө багытталган.

Октябрда АКШ Кыргызстанга COVAX механизми аркылуу 250 миң дозадан ашык Pfizer вакциналарын тартуулады.

Image
Новое финансирование будет направлено на поддержку усилий по вакцинации, обучению медработников и улучшение информационных систем здравоохранения.